Site icon Reporter.kg

Базар-Коргондо үйгө чагылган түшүп, 7 адам жабыркады (видео)

Бүгүн, 22-июнда Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айылында үйгө чагылган түшүп, 7 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аймактык оруканадан билдиришти.

Маалыматка караганда чагылган саат 8:00 чамасында үйдөгү электр эсептегичке түшкөн. Кырсыктын кесепетинен үйдүн чатыры жана дубалы оюулуп кеткен. Жабыркаган үй-бүлө мүчөлөрү саат 12:30да оруканага жеткирилген. Учурла алардын абалы туруктуу экени айтылат.

Exit mobile version