Site icon Reporter.kg

Базар-Коргондо мамлеккеттик жумушка кабыл алуу сынагы мызам бузуу менен өттү

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Базар Коргон райондук башкармалыгынын жетекчилигине болгон тандоо сынагы  жаңжал менен коштолду. Катышуучулардын айтымында сынак учурунда бир нече мыйзам бузууга жол берилген.  Сынактын талапкерлери тандоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен тиешелүү органдарга кайрылышканын айтышты.

Белгилүү болгондой, жеңүүчү деп табылган Мунарбек Калмаматов эссе жазууда жана маектешүүдө өзгөчөлөнгөнү менен Мамлекеттик кадр кызматынын тестирлөөсүнөн эң төмөн балл алган.

Катышуучулар видеого түшүрүү аркылуу кайрадан тестирлөө өткөрүүнү талап кылышууда.

Алар сынак учурундагы эреже бузууларды тизмелеп  REPORTER.KG агенттигине айтып беришти.

Жыйынтыктап айтканда сынактын башка талапкерлери Мунарбек Калмаматовду «калыстар сүйрөп отуруп жеңүүчү кылды деген» нааразычылыктарын айтышууда.

Exit mobile version