Site icon Reporter.kg

Базар-Коргондо пробация бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Пробация департаментинин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн кызматкери 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Тергөө кызматына У.Т. аттуу жаран кайрылып, жогоруда аталган кызматкер 2024-жылдын башынан бери камакка алам деп коркутуп акча талап кылып, 1 миң, 3 миң, 5 миң сомдон жалпы 40 миң акча алганын, учурда дагы 20 миң сом пара талап кылып жатканын айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

17-апрель күнү ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө, аталган райондун пробация бөлүмүнүн кызматкери 44 жаштагы Б.Р. арыз ээсинен 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынган.

Учурда кылмыш боюнча тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version