Базар-Коргондо жергиликтүү тургундан 2 кг ашык баңгизат алынды

Базар-Коргондо жергиликтүү тургундан 2 кг ашык баңгизат алынды

Базар-Коргон районунда жергиликтүү жашоочунун короосунан 2 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Базар-Коргон районунда милиция кызматкерлери баңги кылмышына шектүү катары жергиликтүү үч жаранды кармашты. 1979-жылы туулган К.И. аттуу жарандын жашаган үйүнө тинтүү иш-чарасы учурунда короосунан капка салынган кара-күрөң түстөгү, өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 2 кг 80 грамм марихуана баңгизаты экени аныкталган.

Ошошдой эле аталган даректен дагы башка эки шектүү кармалган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>