Бажаев: Жерүй долбоору кыргыз-орус алакасынын жаңы доорунун башталышы

Бажаев: Жерүй долбоору кыргыз-орус алакасынын жаңы доорунун башталышы

Бүгүн,  17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинаты ачылды.  Ага президент Садыр Жапаров, Орусия президенти Владимир Путин, орусиялык ВТБ банкынын төрагасы Андрей Костин жана «Алтын Альянс » ЖЧКсынын жетекчиси Муса Бажаев баштаган адамдар катышты.

«Алтын Альянстын» башчысы өз сөзүндө бүгүн Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү комбинат эле ишке кирбестен кыргыз-орус алакасынын жаңы доору башталып жатканын айтты.

«Жерүй бул — Евразиялык форматтагы пилоттук долбоор. Аны ишке ашырууга Кыргызстан, Орусия  жана Казакстан катышты.  Долбоорду каржылоо боюнча стратегиялык өнөктөш катары орусиялык ВТБ банкы көмөктөшүүдө. Ал 190 миллион доллар бөлдү «, — деди Бажаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>