Бажы кызматы 5 миллион сомдук мыйзамсыз жүктү кармашты — сүрөт

Бажы кызматы 5 миллион сомдук мыйзамсыз жүктү кармашты — сүрөт

“Кызыл-Кыя” өткөрмө бекетинде 5 миллион сомдук мыйзамсыз жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кыя” өткөрмө пунктунда “А. уулу А” аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан “Вольво” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Анын натыйжасында автоунаадан декларацияланбаган жалпы салмагы 12 тонна 198,8 килограмм турмуш-тиричилик техникаларынын түрлөрү, ич кийимдер жана тамак аш продукциялары табылган.

Кармалган товардын жалпы наркы 4 миллион 740 миң 358 сомду түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 47780,47781,47782,47783,47784,47785,47786,47787,47788,47790″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>