Site icon Reporter.kg

Бажы кызматы 9 млн сомдук аткезчилик товарды аныкташты

Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери жалпы баасы 9 миллион сомдон ашык товарлардын так эмес декларациялоо фактысын аныкташкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы салмагы 19 тонна 238 кг болгон жол баштыктар, байпак буюмдары, бекиткичтер жана сыдырмалардын туура эмес декларацияланган фактысы аныкталды. «Д.Г.Ю» ЖЧКсынын дарегине 9 миллион 284 миң 294 сомдук товар келип түшкөн», — деп белгилешти башкармалык.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында төлөнүүчү төлөмдөрдүн алдын ала суммасы 1 миллион 957 миң 658 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналында катталган.

Exit mobile version