Бажы кызматы автоунаага бажы төлөмүн кантип 3,6 эсе төмөндөтсө болорун айтты

Бажы кызматы автоунаага бажы төлөмүн кантип 3,6 эсе төмөндөтсө болорун айтты

Евразия Экономикалык Биримдиги Кыргызстандын унаага болгон бажы алымы боюнча өтүнүчүн колдогон эмес. 1-январдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүндө транспорт каражаттарына карата бирдей тарифтик баа күчүнө кирет. Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматы жарандарга автоунаага болгон бажы төлөмдөрүн 3.6 эсеге аз кантип төмөндөтүү керек экендиги тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу «Акчабар» каржылык порталы жазды.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн керектөөсү үчүн автоунааларды алып келгенде эки жол менен бажы төлөмүн төлөй алат.

Кадимки түрү жүргүнчү бажы декларациясын, аз сандагы документтерди жана ЕЭКтин Кеңешинин 2017-жылдын 20 декабрындагы № 107 чечимине ылайык, бирдиктүү бажы төлөмүн көрсөтүү керек. 

Жалпылатылган түрү товарга болгон декларация жана ЕАЭстин Бажы кодексинин 108-беренесине ылайык керектелүүчү документтерди, ЕАЭБ тарабынан бекитилген бирдей бажы салымдарын төлөө жана 12% кошумча нарк баасын тапшыруу  керектелет. 

 Мисалы: 2014-жылы чыккан ТOYOTA CAMRY үлгүсүндөгү автоунаа. Кыймылдатуучу көлөмү 2.5 миң куб см, баасы 10 миң эвро. 1 куб см 5 евродон бажы салымын жана салык төлөө керектелет.  2.5 миң куб см х 5 евро = 12 миң 500 евро 

Жалпылатылган түрү: Бажы салымы — 20%, 1 куб см  0.44 евро  Бажы салымы – 20%  10 евродон,  2 миң евро төлөө керектелет.  Кошумча нарк салымы (НДС)  10 миң + 2  миң  х 12 % = 1 миң 440 евро Жыйынтыгы: 3 миң 440 евро.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>