Бажы кызматы электрондук декларацияга өтүүнү баштады

Бажы кызматы электрондук декларацияга өтүүнү баштады

Мамлекеттик бажы кызматы электрондук декларациялоого өтүүнүн алгачкы кадамдарын жасап, пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, долбоор “Түштүк-Батыш” бажысы менен “Баткен” бажысынын базасында ишке киргизилген.

Тутум кагаз түрүндөгү документтерден Бажы кызматы менен ишкер чөйрөнүн электрондук өз ара аракеттенүүсүнө өтүүгө мүмкүндүк берет жана товарларды бажылык декларациялоодо берилген маалыматтын аныктыгы электрондук кол тамга менен ырасталат.

Электрондук декларацияга өтүүнүн негизги максаты, биринчиден, бажы операцияларынын убактысын кыскартуу, ошондой эле экспорттоочулардын бажы операциялары менен байланышкан каржылык чыгымдарын кыскартуу. Экинчиден, бул долбоордун максаты — бажы кызматкери менен экспорттоочулардын ортосундагы жеке байланышты жокко чыгаруу.

Мындан тышкары, бажы кызматкеринин аракеттери Бажы кызматынын бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутумундагы каротаждык аракеттер менен толук көзөмөлгө алынат. Товарларды аралыктан чыгаруу технологиясын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен каражат сарпталбагандыгы айтылат маалыматта. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>