Site icon Reporter.kg

Бажы кызматы: Казакстан Кыргызстанга экономикалык «блокада» кылып жатат

Кытайдан келген товарлардын, унаалардын келүүсү эки эсе кыскарды. Бул туурасында Бажы кызматынын жетекчиси Самат Исабеков Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Кытайдан келген унаалардын саны дээрлик эки эсеге азайды. Казакстан транзиттик өтүүдө экономикалык “блокада” түзүп жатышат. Бул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кытайдан товар алып келген биздин ишкерлер Кытайдан бажы төлөмдөрүн төлөп, Казакстанга транзит жолу аркылуу өтүп, Орусияга жеткенде гана өздөрүнүн акчасын алып жатат. Казакстандан өтүп кете албагандарга акчасын төлөп бербей жатышат. Көп тараптуу ар кандай “блокадалар” болууда. Баарын сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм»- деди Исабеков.

Торугарт жана Эркештам өткөрмө пунктарында жүктүн келүүсү эки эсеге кыскарганын, Бажы кызматы тышкы факторлорго көз каранды болуп жатканы кошумчаланды.

 

Exit mobile version