Мыйзамсыз ташылып келген 3 миллион сомдук чөнтөк телефон кармалды

Мыйзамсыз ташылып келген 3 миллион сомдук чөнтөк телефон кармалды

Мамлекеттик бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келе жаткан чөнтөк телефондорду кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2 885 000 сомдук «SAMSUNG» маркасындагы чөнтөк телефондор Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.  16-сентябрь күнү Ош шаарында Т.Н. атту кыргыз жарандын башкаруусундагы «Lexus GX460” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

«Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын салонун текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 120 даана «SAMSUNG Galaxi A20» жана 110 даана «SAMSUNG Galaxi A30» маркасындагы чөнтөк телефондор табылган», – деп билдирет Бажы кызматы.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 2 885 000 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>