Бүгүн, 5-августта Алмаз Оңолбеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Оңолбеков берген арызынын негизинде кызматтан алынган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Ал эми аталган кызматтын Алтынбек Торутаев дайындалды. Ал мурда Оңолбековдун орунбасары кызматта болчу.
Торутаев Алтынбек Элимовичтин эмгек жолу:
05.08.2019 -жылы – КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы;
08.2018 –05.08.2019-жылдары –КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
12.2017 – 08.2018-жылдары – КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгы;
04.2016 – 12.2017 –жылдары – КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
08.2015 – 04.2016-жылдары — КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын «Ош» бажысынын башчысы;
08.2014 – 04.2015-жылдары — КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысынын орун басары;
02.2011 – 08.2014-жылдары – КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысынын орун басары;
06.2010 – 02.2011-жылдары – КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башкы инспектору;
08.2007 – 06.2010-жылдары– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын улук инспектору;
03.2006 – 08.2007-жылдары – КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
01.2003 – 03.2006-жылдары – КР Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Тармактык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
09.2000 – 03.2001-жылдары – Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын Салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноону контролдоо бөлүмүнүн инспектору.