Site icon Reporter.kg

Бажычылар пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк мелдеште 1-орунду ээлешти

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиондорунун кубогунда 1-орунду ээлеп, 6 рекорд койду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, турнир 2022-жылдын 23-25-сентябрында Геленджик шаарында өттү. Дүйнө чемпиондорунун кубогунда Кыргызстандын атынан 3 адам: бажынын майору Дмитрий Дороженко, Наиля Такутдинова жана Гүлжана Нурлаева катышты.

Ачык жаш категориясында жана ардагерлер 50-54 категориясында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Дмитрий Дороженко биринчи орунду ээлеп, 6 дүйнөлүк рекорд койду.

Ошондой эле, спортчулар биринчи командалык орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, чемпиондук үчүн Азербайжан, Казакстан, Орусия, Эстония, Армения жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер күрөшкөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version