Site icon Reporter.kg

Бажыда коррупция жок! Ташиев Москвада мигранттар менен жолугуп, эмне деди?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Москва шаарында мигранттар менен жолугушуу өткөрдү.  Бул тууралуу “Репортёрго” орусиядагы мекендешибиз, ишкер Азамат Адылгазиев билдирди.

Мекендешибиздин айтымында, жолугушуу 29-октябрь күнү Москва шаарындагы “Президент-отель” мейманканасында болгон. УКМКнын төрагасы эмне себептен барганын ачыктаган эмес.

“Эмнеге келгенин билбедим. “Бажыда коррупция жок, азыр баарын тазалап салганбыз. Баарын камайбыз, каралар башкарып жатат деген жалган, азыр бүт жерде мыйзамдуулук орноду” деди. Жолугушууга келгендер көп деле суроо берген жок, атайын бир топ барган окшойт,  мурдагы элчини (Аликбек Жекшенкулов – ред.) жамандашты. Берилген суроолорго үстүртөн эле, “карайбыз, чечилет, иштеп жатабыз” деп жооп берип жатты. Бул жакка эмне максат менен келгени, кимдер менен жолукканы тууралуу айткан жок”, – деди  Азамат Адылгазиев.

Белгилей кетсек, УКМКны жетектеген адам чет өлкөгө барып мигранттар менен жолуккан көрүнүш алгачкы жолу болуп жатат. Атайын кызматтын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулаймановго байланышып, Ташиевдин Орусияга болгон сапары тууралуу сураганыбызда маалымат берүүдөн баш тартып койду.

“Азырынча эч нерсе айта албайм. Келсин анан маалымат берейин”, – деди Сулайманов.

Камчыбек Ташиев 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен УКМКга жетекчи болуп барган.

Exit mobile version