Site icon Reporter.kg

Бээжин спорт университети студенттерди кабыл ала баштады

Бээжин спорт университети спорт жаатында билим алууга кызыкдар эл аралык студенттерден документтерди кабыл алуу баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган университет Кытайдын борбору Бээжин шаарында жайгашкан. Ал спорттук билим берүү тармагындагы алдыңкы билим берүү уюму болуп саналат.

Университет эл аралык студенттерге төмөнкү программаларды сунуш кылат:

Билим берүү программалары, окутуу талаптары жана арыз формалары жөнүндө толук маалыматтар англис тилинде бул шилтемеде.

Кошумча суроолор болсо, төмөнкү электрондук дарекке кайрылса болот: admission@bsu.edu.cn.

Exit mobile version