Site icon Reporter.kg

Бейбаштыкка шектелген бийчи Жан Воинов 1 айга камакка алынды

Бийчи Жан Воинов бейбаштыкка шектелип, 2025-жылдын 1-августуна чейин 1 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров билдирди.

Буга чейин 30-июнда Ж.Т. аттуу жаран Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБге арыз менен кайрылып, ошол эле түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде Жан Воинов коомдук тартипти бузуп, негизсиз түрдө денесине жаракат келтиргенин билдирген.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Exit mobile version