Site icon Reporter.kg

Бейруттагы жарылуудан кийин Ливан өкмөтү отставкага кетти

Бейрут портундагы жарылууга байланыштуу өткөн массалык нааразылык акцияларынан кийин Ливандын өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу Associated Press агенттиги өлкөнүн саламаттык сактоо министри Хамед Хасанга шилтеме кылып билдирди.

«Өкмөт толугу менен тарады. Премьер-министр Хасан Диаб кызматтан кетүү тууралуу арызын тапшыруу үчүн президенттин резиденциясына кетти», — деди Хасан.

Буга чейин өлкөнүн юстиция министри Мари-Клод Наджем, маалымат министри Манал Абдель Самад, айлана-чөйрөнү коргоо министри Дамианос Каттар жана каржы министри Гази Вазни кызматтан кеткени кабарланган.

8-августта өткөн нааразылык акциялардын катышуучуларын кууп таратуу учурунда 100гө жакын киши жарадар болуп, 22 киши ооруканага түшкөн. Чогулгандар өкмөттүн отставкага кетишин жана портто сакталып турган жүктүн коопсуздугун камсыз кылбаган күнөөлүү адамдарды жоопко тартууну талап кылышкан.

4-августта Бейруттун портундагы кампада 2014-жылдан бери сакталып турган 2750 тонна аммиак селитрасы жарылган. Кырсыктан кеминде 158 киши каза болуп, беш миңге жакын адам жаракат алды, 250 миңден ашык тургун үй-жайсыз калды. Өлкө бийлиги шаарды калыбына келтирүү үчүн бир нече миллиард доллар талап кылынарын билдирген.

Ливанда бир жылга жакын убакыттан бери экономиканын начарлашына, валютанын кунсуз болуп кетишине жана саясий кризиске карата нааразылык акциялар уланып келет. Коронавируска байланыштуу киргизилген карантин чаралары өлкөнүн экономикасына ого бетер сокку уруп, Ливан дефолт босогосуна кептелген.

Exit mobile version