Site icon Reporter.kg

Бейшекеев баштаган 10 балбан Иорданиядагы Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын грек-рим балбандары Иорданияда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Аталган уюмдун сайтында бул мелдешке Кыргызстандан 10 спортчу катыша турганы көрсөтүлгөн. Азия биринчилиги 25-30-мартта өтөт.

Мелдешке бара турган балбандар: 

  1. Улан Муратбек уулу (55 кг)
  2. Акыл Сулайманов (60 кг)
  3. Дөөлөтбек Чойбеков  (63 кг)
  4. Раззак Бейшекеев (67 кг)
  5. Ырыскелди Хамзаев (72 кг)
  6. Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг)
  7. Бекзат Орункул уулу (82кг)
  8. Асан Жанышов (87 кг)
  9. Мелис Айтбеков (97 кг)
  10. Эрлан Манатбеков (130 кг)
Exit mobile version