Site icon Reporter.kg

Бейшеналиев Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Пара алуу фактысы боюнча кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары  пара алуу учурунда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди кармашкан.

“Учурда чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110.000 АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө.  Пара алуу фактысы ар тараптуу, дыкаат жана акыйкат иликтенүүгө алынып, баардык жагдайлар тастыкталууда. Кармалган министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат”, — деп айтылат маалыматта.

Алмазбек Бейшеналиев быйыл февраль айында министр болуп дайындалган. Ал буга чейин 2020-2021 жылдар ортосунда алты ай Билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version