Бейшеналиев менен Зулушев убактылуу кызматтан четтетилди

Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушев тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда,  президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында чечим кабыл алынган.