Бек Борбиев: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинен мени Сооронбай Жээнбеков алдырып салган

Бек Борбиев: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинен мени Сооронбай Жээнбеков алдырып салган

Ырчы Бек Борбиев досу Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тегерегиндеги болуп жаткан окуяларга өз пикирин  “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Ал Райымбек Матраимовду “Мекеним Кыргызстан” партиясынын съездинен бери көрө электигин маалымдаган.

“Досумду  “Мекеним Кыргызстан” партиясынын съездинен бери көрө элекмин. Съездден кийин олтуруп сүйлөштүк. Мен алдыңкы 30 талапкердин ичинде болчум, негедир ошол күнү чийилип кеттим. Эмнеге деген суроомо, жогорку номер 1чи адам (ред: ошол учурдагы президент С. Жээнбеков) ошондой чечим кылды деди. Мен ага эмне кылыптырмын деп күлдүм, сени «неуправляемый» деген таризде алып салды деп түшүндүрдү. Макул, а эмнеге тиги 20,30 жылдан бери элди жеп келаткандарды кошуп алдың дедим, анткени мурда тизмеде жок эле адамдарды ошол сьезден көрдүм, болгондо да алар алдыңкы тизмеде болуп калыптыр. Аларды дагы номер 1чи күчкө салып бизге кошуп салды деди. А биз бир жыл мурда башкача сүйлөштүк элего, таза, эл үчүн иштейт турган жаш саясатчылардан түзүлөт, акча бар, эч кимге көз каранды болбойбуз дегенсиң. Кана ал сөздөр, айтор досум башка нукка түшүп, жогорку күчтөрдүн кысымында калганын түшүндүм. Эми ишиңер чатак, шайлоонун эртеси күнү эл көтөрүлөт, андан эптеп кутулсаңар, жазында чоң толкундоо болот, ошого туруштук берээр бекенсиңер, не болсо да ийгилик деп кол алышып чыгып кеттим”, — деп жазган Борбиев.

Аталган партиянын катарынан чыгып калган Бек Борбиев Токтогулдун тоолоруна эс алып чыгып кеткенин айтты.

Борбиев экс-президент Алмазбек Атамбаевден Матраимов Баткендин губернатору кылуусун суранганын кошумчалады.

“Бир жолу досум Атамбаевге кирип, мени кызматтан алам деп турасыз, билем. Баткен облусуна губернатор кылып жибериңиз, 6 завод фабрика курам, көп кабаттуу үйлөрдөн турган микрорайон салам. Ар бир ишканада 10,20 миңден кем эмес жумушчу оруну болот десе, тиги Райымдан 10 эсе бай адамыбыз коркуп кетиптир. Эмнеге, анткени Баткен өнүгүп, башка тарап итке минип турса албетте Атамбаевге  чоң минус, досум баатыр болуп кетмек», — дейт ырчы.

Бек Борбиев: «Райымбек Матраимовду колдоо митингде, тизмеде калган досторуң көрүнгөн жок, убактылары болбой калды окшойт.”, — деп жыйынтыктаган сөзүн ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>