Site icon Reporter.kg

Бек Борбиев: «Мекеним Кыргызстан» ыры бүтө электе уурдалып, фейк баракчага жүктөлүптүр

Белгилүү ырчы Бек Борбиев өзүнүн Instagram баракчасында «Мекеним Кыргызстан» аттуу ырына жана клибине салынган айып пул тууралуу комментарий берди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын үгүт иштерин мөөнөтүнөн эрте баштаганын аныкташкан.

Ырчы депутат болбойм деп эки жылдан бери айтып келе жатканын билдирди.

«БШК мага салган 7500 сом айып пул тууралуу интернет булактарынан билдим. Унчукпай барып төлөп койсом деле болот, бирок… «Мекеним Кыргызстан» деген ырды үгүт иштери башталгыча интернет баракчасына чыгарыптыр деген айып. Кудайды карасаңар боло, менин баракчамдан ырды көрдүңөрбү, мен дагы мыйзам сыйлаган адаммын, албетте чыгармак эмесмин жана чыгарган жокмун. Ал интернеттеги вариант ырдын бүтө элек кезинде уурдалып, моя Родина деген фейк аккаунтка жүктөлүп, эң кызыгы реклама деп акчасы төлөнүп , жайылтууга коюлуптур. Бул саясий оппоненттер тарабынан уюштурулса керек. Кандай гана фейк аккаунт болбосун, алгачкы жүктөлүү булагын тапса болот, изилденет жана соттук тергөөдө акыйкат иш алып барылат деп ишенебиз», — деп жазган Борбиев.

Exit mobile version