Бек Борбиев: «Мекеним Кыргызстан» ыры бүтө электе уурдалып, фейк баракчага жүктөлүптүр

Бек Борбиев: «Мекеним Кыргызстан» ыры бүтө электе уурдалып, фейк баракчага жүктөлүптүр

Белгилүү ырчы Бек Борбиев өзүнүн Instagram баракчасында «Мекеним Кыргызстан» аттуу ырына жана клибине салынган айып пул тууралуу комментарий берди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын үгүт иштерин мөөнөтүнөн эрте баштаганын аныкташкан.

Ырчы депутат болбойм деп эки жылдан бери айтып келе жатканын билдирди.

«БШК мага салган 7500 сом айып пул тууралуу интернет булактарынан билдим. Унчукпай барып төлөп койсом деле болот, бирок… «Мекеним Кыргызстан» деген ырды үгүт иштери башталгыча интернет баракчасына чыгарыптыр деген айып. Кудайды карасаңар боло, менин баракчамдан ырды көрдүңөрбү, мен дагы мыйзам сыйлаган адаммын, албетте чыгармак эмесмин жана чыгарган жокмун. Ал интернеттеги вариант ырдын бүтө элек кезинде уурдалып, моя Родина деген фейк аккаунтка жүктөлүп, эң кызыгы реклама деп акчасы төлөнүп , жайылтууга коюлуптур. Бул саясий оппоненттер тарабынан уюштурулса керек. Кандай гана фейк аккаунт болбосун, алгачкы жүктөлүү булагын тапса болот, изилденет жана соттук тергөөдө акыйкат иш алып барылат деп ишенебиз», — деп жазган Борбиев.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Жазат десе эле…)) Мен эки жылдан бери эле депутаттыкка барбайм деп келем, баракчамды туруп окусаныздар болот. Мен 30 жылдан бери эле депутаттай жашоо откором жана депутатмын, Кыргыздын кайсы жерине барбайын кучак жайып тосуп алаар куйормандарым бар. Ыр куйормандардын мындай сыйына Аллах раазы болсун деп, ушул кундорго чейин сыямды кургатпай эмгектенип келем. Бул пикиримде бугун дагы турам Албетте кийинки кундордогу болгон окуялар боюнча дагы токтолуп кетпесем болбойт. БШКа мага 7500 сомго айып тагыптыр, мен дагы аны интернеттен окудум. Унчукпай барып толоп койсом деле болот, бирок… Мекеним Кыргызстан деген ырды шайлоо башталгыча интернет баракчасына чыгарыптыр деген айып?! Кудайды карасанар боло, менин баракчамдан ырды кордунорбу, мен дагы мыйзам сыйлаган адаммын, албетте чыгармак эмесмин жана чыгарган жокмун. Ал интернеттеги вариант ырдын буто элек кезинде уурдалып, моя Родина деген фейк аккаунтка жуктолуп, эн кызыгы реклама деп акчасы толонуп , раскруткага коюлат. Альетте саясий оппоненттер тарабынан уюштурулсв керек. Албетте кандай гана фейк аккаунт болбосун, алгачкы жуктолуу булагын тапса созсуз болот, албетте изилденет жана сот тергоо тараптан акыйкат иш алып барылат деп ишенебиз. Бул создорду мен азыр трайбалист- саясий серепкерлер же фейк аккаунттардын алдында актанайын деп эмес,озумдун санаалаштарыма , пикирлештериме маалымат учун жазып коюну туура кордум Ооба маалымат учун дагы айтып койчу бир эки соз бар. Кийинки учурда баракчамдагы комменттер арасында саясат аралашкан создор коп, Бакиевчил, Райымдын ырчысы деген мааниде Ооба Бакиевчил болгом.. Мен башкаларга окшоп бир жээктен экинчи Аша жээгине ото качкан жокмун. Кан кечип 90 жаш омурду кыйып, кыргызга мин жылдык кырсык болгон адамдын командасына ото качканга мункунчулугум коп эле. Эки жакын досум анын жанындагы ото жакын кишилери болчу. Анте албадым, кокурок катып туруп алды, 10 жыл аны менен ФБ аркылуу куроштум, акыры эмне болгонун баарыныздар билесиздер. ТВ, Радиону тыю салып , (озу гитара менен ырдап туруп алды)) Кимдин ким экенин убакыт корсотту, мага сахна бербей турганда кулуп табасы кангандар коп болгон, азыр темир тордун артында же качып журот. Эч кимге капачылыгым деле жок, бул ?

Публикация от Беk Борбиев (@bek_borbiev)

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>