Бек Борбиев:  Мен үч партияга гимн жаздым, дагы жазам

Бек Борбиев:  Мен үч партияга гимн жаздым, дагы жазам

Ырчы Бек Борбиев парламенттик шайлоого талапкер болуп катышпайт. Мындай пикирин ырчы инстаграм баракчасына жазды.

Ал күйөрмандарына кайрылып жакынкы аралыкта парламентке барбай турганын жазган. 

“Достор, мени жакын арада парламенттен көрө албайсыздар. Башка саясий көз караштагылар мага өз оюңарды таңуулагандан алыс болгула. Мен азыркы жарыштагы үч партияга гимн — ыр жазгам, жана жаза берем. Эгерде менден жакшы жазсаңар анда жаза бергиле, конкурстук негизде тандап алышат. Шайлоодо эч ким эч кимди күчкө салып добушун ала албайт, баары демократия жолунда, андыктан каалаган партияга добушуңузду бериңиз А менин тандоом, бул менин тандоом, ага эч кимдин жологонго акысы жок. Ийгилик”, — деп жазган ырчы. 

Буга чейин Бек борбиев “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышары айтылып жаткан. 

https://www.instagram.com/p/CEbCnMVHaJh/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>