Бекешев: Садыр Жапаровдун кеңешчиси менден акча талап кылган

Бекешев: Садыр Жапаровдун кеңешчиси менден акча талап кылган

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев университеттеги агайы Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгонун угуп, таң калганын анткени ал адам убагында сабактарын бүтүрүп берүү үчүн акча сурагандыгын айтты. Мындай билдирүүнү эл өкүлү “Телеграм” каналындагы окурмандары менен бөлүшкөн.

“Мен бир адамдын Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгонун угуп абдан таң калдым. Негизгиси бул адам КРСУда 1-курста окуп жатканда менден 200 доллар сураган. “Сен баары бир эч нерсе көрбөйсүң, бир нерсени окуй албайсың. Андан көрө мага 200 доллардан бер, анан сабака деле келбей койсоң болот.  Мугалимдер менен мен сүйлөшүп берем” деген. Эми бул адам президенттин кеңешчиси болуп жатат. Албетте мен бул нерсени далилдей албайм. Бирок бул окуя дале эсимде, студенттериме да далай жолу айтып бергем”, — дейт Бекешев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>