Бекешев шайлоону келерки жылы өткөрүүнү, депутаттарга айлык төлөбөй турууну сунуш кылды

Бекешев шайлоону келерки жылы өткөрүүнү, депутаттарга айлык төлөбөй турууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев быйыл өтө турган жергиликтүү кеңештердин жана парламенттин депутаттарын шайлоону кийинки жылга жылдыруу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Эл өкүлү коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын, президент менен пкмөт акча табуу жана чыгымдарды азайтуунун үстүндө иштеп жатканын билегилеп өткөн.

Ал президентке жана спикерге кайрылып, ушундай жол менен казынадан 1 миллиард сом үнөмдөп турууга болоорун айтып, шайлоону 2021-жылдын апрель айында өткөрүүсунушун ортого салган. Ошондой эле кесиптештерин бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  талкуулоого чакырган.

Бекешев мындан сырткары быйыл октябрь айынан тартып парламенттин депутаттарына айлык, сый акы жана квартал сайын берилип туруучу акчаны токтотуп турууну сунуш кылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>