Site icon Reporter.kg

Бекешев: Жаш балдарды зордуктагандарды кастрация кылыш керек

Жаш балдарды зордуктагандарды физикалык кастрация кылыш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңешти отурумунда Дастан Бекешев айтты.

“Биз 2013-жылы балдарды зордуктаган кишилерди химиялык кастрация кылуу керек деген мыйза долбоорун сунуштап Жогоркук Кеңеш бүт колдогон, президент колдобой өткөн эмес.

Жаш балдарды зордуктагандарды физикалык кастрация кылыш керек, бирок бул Баш мыйзамга туура келбейт. Азыр биз ошого кайрылсак, 9-апрелде Кара-Суу районунда 7 жашар кызды, 26 жаштагы бала зордуктаган. Президенке кайрылат элем, ушуну карап көрсөк. Коңшу Казакстанда эки жылдан бери иштеп жатат”, — деди Бекешов.

Белгилей кетсек, 9-апрель күнү саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кайрагач айылында 7 жаштагы кыз Кайрагач айылынын талаасы аркылуу үйүнө кетип бараткан учурда 26 жаштагы адам зордуктап, жаш кыз Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген.

Exit mobile version