Site icon Reporter.kg

Бекназаровдун талапкерлиги Малайзиядагы элчиликке сунушталууда

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги сунушталып жатат.

Анын талапкерлигин талкулоо маселеси бүгүн, 17- декабрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин күн тартибине киргизилген.

Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болору тууралуу кабар, октябрдын башында чыккан. Саясаты муну бышыктап, сунуш президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан түшкөнүн билдирген.

Exit mobile version