Бектур Асанов: Чогулуп алып сүйлөшүп олтура берсек референдум өтөт

Бектур Асанов: Чогулуп алып сүйлөшүп олтура берсек референдум өтөт

Саясатчы Бектур Асанов Конституцияны өзгөртүүгө каршы турууга жана аны демилгелеп жаткандар менен конкреттүү күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун жыйынында айтты.

“Ушинтип чогулуп алып сүйлөшүп олтура берсек референдум өтөт, конкреттүү бир күрөштү баштоо керек. Митингдерди баштайбызбы… Бүгүнкү катышкандар коомчулукка кайрылышыбыз керек. Прогрессивдүү коомчулук бизди колдойт деп ишенем”, – деди Асанов.

Белгилей кестек, Конституциясынын жаңы долбоору 17-июлда коомдук талкууга чыгарылган. 80 депутаттын демилгечи экени жазылган  долбоордо Элдик Курултай институту түзүлөрү,  Президент өз ыйгарым укуктарын аткаруу менен бирге өкмөттү дагы жетектей турганы, ал 5 жылдан 2 мөөнөткө шайланса болору жана Жогорку Кеңештин депутаттары 90го азаяры тууралуу бир катар олуттууу өзгөрүүлөр камтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>