Site icon Reporter.kg

Бел жайлоосунда автоунаа аскадан кулап 2 адам көз жумду  — сүрөт

Жалал-Абадда автоунаа жардан кулап, 2 адам каза болуп, 1 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя Ноокен Районундагы Бел жайлоосунда 17-ноябрь күнү болгон. Анда Достук айылынын үч тургуну Бел жайлоосунда Нива үлгүсүндөгү автоунаа менен жардан түшүп кеткен.

Автоунаада бараткан 20 жаштагы К.Б. ошол жерде каза болуп, 41 жаштагы Р.К. аттуу адам оор абалда ооруканага түшкөн.  Автоунаада бара жаткан  үчүнчү адам А.К. дайынсыз жоголуп, эртеси, 18-ноябрда жансыз денеси табылган. 

Издөө иштерине ӨКМнын 14 куткаруучусу жана 20дай жергиликтүү тургундар тартылган. 

[su_image_carousel source=»media: 48784,48785,48786,48787,48788,48789″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version