Site icon Reporter.kg

Беларусь ШКУга мүчө болду

Беларусь Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болду. Бул боюнча бүгүн Астана шаарында өтүп жаткан саммитте чечим кабыл алынды.

Казак президентти Касым-Жоомарт Токаевдин айтымында, Александр Лукашенко жетектеген өлкө уюмдун талаптарын толук аткарды.

Белгилей кетсек, ШКУ 10 мамлекетти, 3,5 миллиард калкты бириктирет, Анын мүчөлөрү: Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Пакистан, Индия. Ооганстан менен Монголия азырынча байкоо жүргүзүп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version