Беларуста шайлоо өнөктүгүнө жети талапкер катышууда

Беларуста шайлоо өнөктүгүнө жети талапкер катышууда

Беларуста кол топтоо баскычынан кийин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген жети талапкер калды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина билдирди.

Анын айтымында, чогулган колтамгаларды учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко, Белгазпромбанктын мурдагы жетекчиси Виктор Бабарико, Жогорку технологиялар паркынын мурдагы башчысы Валерий Цепкало, блогер Сергей Тихановскийдин жубайы Светлана Тахновская, экс-депутат Анна Канопацкая, «Чындыкты айт» коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Андрей Дмитриев жана «Беларус социал-демократиялык партиясынын» төрагасы Сергей Черечень тапшырды. Сегиз киши президенттик жарыштан четтеген.

Ермошина кайсыл талапкер канча колтамга чогултканы боюнча так маалымат 30-июнга чейин аяктай турган текшерүүдөн кийин белгилүү болорун билдирди. Ал 22-июнга карата талапкер катары каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтер топтомун Бабарико гана тапшырганын кошумчалады.

18-июнда Виктор Бабарико өзүнүн демилгелүү тобун жетектеген уулу менен бирге кармалганы белгилүү болгон. Аларга кайсыл беренелер боюнча айып тагылганы айтылган эмес. Мамлекеттик көзөмөл комитети Бабарикону «мыйзамсыз ишмердүүлүктүн түздөн-түз уюштуруучусу жана жетекчиси» деп атаган. Мекеме башчысы Иван Тертель чет өлкөлөргө ири өлчөмдө акча чыгарып кетүү боюнча схема аныкталганын билдирген.

11-июнда Белгазпромбанктагы тинтүүдөн кийин «Салыктан качуу» жана «Кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20га жакын киши камакка алынган.

Бабарико 9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Лукашенконун башкы атаандашы катары эсептелүүдө. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко алтынчы жолу президенттикке талапкерлигин коюп жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>