Белгилүү актёр Марат Жанталиев каза болду

Белгилүү актёр Марат Жанталиев каза болду

Бүгүн, 9-июнда 59 жашында Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген артист Марат Жанталиев каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлады.

«Марат Жанталиев театрга келген, ал өзүн жакшы эле алып жүргөн. Мага азыр телофон чалышып, ал реанимацияда көз жумду дешти. Учурда ооруканага баратам, бирок анын өлгөнүнө ишенгим келбей турат», — деп билдирген жаш көрүүчүлөр театрынын директору Темирлан Сманбеков.

Кесиптештеринин айтуусуна караганда, актер буга чейин ооруп жүргөн.

Белгилей кетсек, Марат Жанталиев 2017-жылы «Саякбай» фильминде улуу манасчынын ролун жараткан.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Марат Жанталиевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>