Белгилүү композитор Калыйбек Тагаев көз жумду

Белгилүү композитор Калыйбек Тагаев көз жумду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү композитор, аткаруучу Калыйбек Тагаев көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы ырастады.

Ал 80 жашта болчу. Композитордун сөөгү 18-сентябрда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Музыкант 1940-жылы 14-апрелде Ат-Башынын Бирлик айылында туулган.

Аткарылып жүргөн чыгармалары:

«Ак куулар көлдө термелет» с. Э.Токтогуловдуку

«Ат-Башым» с. К.Тагаевдики

«Гүлдөгөн колхоз аймагы» с. Б.Абакировдуку

«Долон» с. Ж.Шералиевдики

«Жаныбарым, Гүлсарым» с. Э.Токтогуловдуку

«Жаштык ыры» с. Т.Шамшиевдики

«Көл баяны» с. Э.Токтогуловдуку

«Күттүм сени» с. К.Тагаевдики

«Кыялдануу» с. А.Осмоновдуку

«Назгүлүм» с. Э.Токтогуловдуку

«Сагынуу» с. Б.Курманкуловдуку

«Сагыныч ыры» с. Т.Кожомбердиевдики

«Сиз кайдасыз» с. Б.Абакировдуку

«Таалайым сенде» с. С.Шимеевдики

«Таалайымдын гүлү сен» с. Т.Самудиновдуку

«Ысык-Көл» с. О.Султановдуку

«Эльмира» с. К.Тагаевдики

«Эмгек шаңы» с. Э.Токтогуловдуку ж.б.

Reporter.kg маалымат агенттигинин жалпы жамааты Калыйбек Тагаевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>