Site icon Reporter.kg

Белгилүү төкмө акын Ысак Барпиев каза болду

Белгилүү төкмө акын Ысак Барпиев каза болду. Бул маалыматты Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, Ысак Барпиев 86 жашта болгон. Ал көптөн бери ооруп жүргөн, кечээ, 18-июнда каза болгон.

Сөөгү эртең, 20-июнда өзү туулуп өскөн айылында жерге берилет. 

Бул кайгылуу окуяга байланыштуу REPORTER маалымат агенттиги маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ысак Барпиев 1934-жылы Аксы районунун Авлетим айылында туулган. 1942-жылы Авлетим орто мектебине кирип, 1953-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Авлетим айылдык клубунун башчысы болуп баштаган. 1957-жылы Авлетим маданият үйүнүн башчысы болуп дайындалган. 1958-жылы райондун борборундагы Токтогул атындагы парктын директору, андан соң ошол эле жылы райондук маданият үйүнүн директору болуп иштеген.

1961-64-жылдары Токмок шаарындагы маданий агартуу техникумун, 1973-1978-жылдары Өзбек ССРнин Хамза Хакимзаде атындагы педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн. 1978-жылга чейин райондук партиялык комитеттин чечими менен Тельман атындагы колхоздун жетекчисинин орун басары, жылкы ферманын башчысы, колхоздун профсоюздук комитетинин башчысы болуп иштеген.

Өздүк көркөм чыгармачылык кароо-сынактардын бир нече жолку лауреаты. «Кыргызстан» жаштар союзунун борбордук комитетинин ардак грамотасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун ардак грамотасы, СССР Жогорку Советинин президиумунун «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын министрлер советинин ардак грамотасы менен сыйланып, 1996-жылы «Эмгек сиңирген артист» наамын алган.

 

Exit mobile version