Белгилүү журналист Эрнис Асек уулу дүйнө салды

Белгилүү журналист Эрнис Асек уулу дүйнө салды

Белгилүү журналист жана котормочу Эрнис Асек уулу 50 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Маркумдун жакындарынын айтымында ал 29-январда эрте менен ооруканада жүрөгү токтоп каза болгон.

Ал “Асаба”, “Агым”, “Баягы Асаба” гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. 

Маркум соңку жылдары котормочулук менен алектенип келген.

Эрнис Асек уулу мындан 10 жыл мурун көзү өткөн чыгаан журналист жана саясатчы Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>