Site icon Reporter.kg

Белгилүү актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди

Белгилүү актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда актер Ысык-Көлдө жүрөт.

«Актер президент Садыр Жапаров менен Ысык-Көл жээгинде учурашып, кыскача баарылашты», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Стивен Сигал 2016-жылы Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына конок катары чакырылган. Андан кийин ал Көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болгон. Ал 2017-жылы да Кыргызстанга келип кеткен.

Exit mobile version