3-майда белгилүү архитектор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бейшенбаев Уланбек Абыкеевич 66 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлиги 4-майда кабарлады.
Уланбек Абыкеевич 1958-жылдын 30-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылында туулган. Ал 1980-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура факультетин аяктаган. Эмгек жолун «Кыргызгипрострой» долбоорлоо институтунда архитектор болуп баштаган. Кийин ал «Кыргызгипростройдо» башкы долбоорлордун архитекторуна чейин көтөрүлгөн.
Уланбек Бейшенбаев өлкөдөгү бир топ маанилүү архитектуралык объектилердин курулушуна катышкан:
- Чоң-Таш капчыгайындагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси;
- «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги Ч.Айтматовго арналган мемориалдык комплекс;
- «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорго арналган күмбөз;
- «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдын 7-апрель окуяларына арналган музей-мемориал;
- Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы Ч.Айтматовго арналган эстелик;
- Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ишмер И.Айдарбековго арналган эстелик;
- Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы 7-апрель жана Аксы окуяларынын курмандыктарына арналган мемориал;
- «Ата-Бейит» комплексинин аймагындагы, 1916-жылдагы кайгылуу «Үркүн» окуясынын курмандыктарына арналган мемориал;
- Бишкек шаарындагы акын импровизатор Калык Акиевге арналган эстелик;
- Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатырга арналган эстелик;
- Бишкек шаарындагы Пандемияга каршы күрөшүүдө курман болгон дарыгерлерге жана медиктерге арналган мемориал.
Мындан тышкары ал Казакстандагы, Түркиядагы Манаска арналган эстеликтердин, Орусиядагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык баатырларга арналган мемориалдык комплекстин курулушуна катышкан.
Уланбек Абыкеевич эмгеги үчүн 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле 2002-жылы адабият жана искусство тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болуп, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыган. 2023-жылы ага Кыргыз Республикасынын Маданиятынын мыктысы төш белгиси ыйгарылган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бейшенбаев Уланбек Абыкеевичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүштү.