Белоруссия акысыз билим алуу үчүн Кыргызстанга 8 орун бөлдү

Белоруссия акысыз билим алуу үчүн Кыргызстанга 8 орун бөлдү

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Белоруссиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчкону кабыл алды.

Жолугушууда элчи 2020-2021-окуу жылы үчүн Белоруссия тарап Кыргызстандын жарандарына сегиз гранттык орун бөлгөнүн айткан.

Грантка ээ болгон студенттер акысыз билим алат жана аларга стипендия төлөнөт. Жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкандардын стипендиясына каражат кошулмакчы.

Элчи Страчко белгилегендей, учурда Белоруссияда 26 Кыргызстандын жараны билим алат, алардын 20сы келишимдик негизде.

Сынактын талаптары жана документтерди тапшыруу мөөнөтү тууралуу маалыматтар жакынкы убактарда белгилүү болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>