Site icon Reporter.kg

«Белый Дом Кейжи» кооперативинин негиздөөчүсү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, 2021-жылдын 18-ноябрында андан 369 миң 600 сомун алып кеткен «Белый Дом Кейжи» ЖЧК коммерциялык эмес кооперативинин негиздөөчүсү А.Т.га карата чара көрүүнү суранган. Ал  арыз ээсине 679 миң 200 сомго автоунаа жана кыймылсыз мүлк алып берүүнү убада кылган. Бирок акчаны алгандан кийин качып кеткен.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» менен кылмыш иши козголду. Тартип сакчылары кылмышка шектүү 36 жаштагы жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга камашты.

Шектүү жарандан жабыркаган жарандар 0774976157 же 102 номуруна чалууну суранат.

Exit mobile version