Site icon Reporter.kg

Бензин менен дизель кымбаттайт. Кыргызстанда жаңы жыйым киргизилет

Жогорку Кеңеш өлкөдөгү жолдорду оңдоо, куруу, кароо үчүн жыйым алууну караштырган мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Эми ал президент кол койгондон кийин 2025-жылдан тарта иштей баштайт.

Мыйзам долбоору боюнча, аталган жыйым бензин жана дизель майын чыгарган, импорттогон компаниялардан алынат деп каралган. Бирок бул документ «ким көп айдаса, көп төлөйт» деген принцип боюнча иштелип чыккандыктан, жыйымдын акчасын акыр-аягы айдоочулар төлөп калат. Андан түшкөн акча Жол фондуна берилип, жол оңдоого, кароого ж.б. иштерге жумшалат.

Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин бензин менен дизелдин баасы кымбатташы мүмкүн болгондуктан парламенттин отурумунда депутат Имлимбек Кубанычбеков «күйүүчү май кымбаттабайбы?» деген суроо салды.

Транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев күйүүчү майдын баасы кымбаттай турганын мойнуна алып, бирок өтө көп көтөрүлбөй турганын айтты. Учурда күйүүчү майдан канча жыйым алынары өкмөт тарабынан эсептелүүдө.

 

Exit mobile version