Site icon Reporter.kg

Бере турчу чалып алайын! Өспүрүмдүн телефонун тартып алган

Өспүрүмдүн  «iphone11» смартфонун алдап алып, качып кеткен киши колго түштү. Бул туурасында Бишкек шаарынын Октябрь милициясынан билдирди.

Маалыматка караганда, 19-апрель күнү К.К. атуу шаардын тургуну милицияга кайрылып ошол кайрылган күнү саат 22:00 чамасында өзүнүн уулунун ишенимине кирип, бирөөнө чалып алуу максатында телефонун сурап, алгандан соң белгисиз тарапка качып кеткен. «iphone11» маркасындагы уюлдук телефон 30 миң сом турат

Аталган факты Октябрь райондук милицияга катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 2003-жылы туулган А.А.  кармалган. Кылмышка шектүү Бишкек шаардык милдициянын убактылуу кармоочу жайын киргизилип, Октябрь райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.

Мындан тышкары, анын ушул сыяктуу 4 кылмыш фактысын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Мындан жабыр тарткандар төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0 (709) 084-244 жана 102.

Exit mobile version