Site icon Reporter.kg

«Берекет Универсалдан» контрафакт тамеки алынды. Ишкер 5 жылга кесилиши ыктымал

«Берекет Универсал» соода комплексинин аймагында контрафакттык жол менен сатылып жаткан тамеки аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Акциздик маркасыз 8 миң 545 куту тамеки сатыктан алынды.

Салык кызматы ишкерге мыйзамдуу чаралар көрүлөрүн маалымдап, акциздик маркалары жок 500 даанага чейин  —  65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашыкка 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version