Берлин Навальныйдын ууланышы боюнча Орусиядан түшүндүрмө талап кылууда

Берлин Навальныйдын ууланышы боюнча Орусиядан түшүндүрмө талап кылууда

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын канынан «Новичок» тобуна кирген, адамдын нерв системасына зыян келтире турган химиялык зат табылды. Бул тууралуу Германия өкмөтүнүн өкүлү билдирди.

Германиянын бийлиги Бундесвер лабораториясында жасалган Навальныйдын акыркы клиникалык анализинин жыйынтыктары тууралуу Орусиянын Берлиндеги элчисине маалымат берүүгө ниеттенүүдө. Мындан тышкары Берлин оппозициячыга кол салууну кескин айыптап, орус бийлигинен окуя боюнча түшүндүрмө талап кылууда.

Германиянын тышкы иштер министри Гейко Маас эгер Орусиянын кайсы бир мамлекеттик мекемесинин өкүлүнүн Навальныйды ууландырууга тиешеси бар экени аныкталса, Москвага карата дипломатиялык санкциялар киргизиле турганын билдирди.

Ушу тапта Навальный дарыланып жаткан «Шарите» ооруканасы анын абалы оор экенин, дале болсо комадан чыкпай, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылганын кабарлады.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Навальныйдын тарапкерлери саясатчы ууландырылганын айтышкан. Бирок Омскидеги оорукананын дарыгерлери маалыматты четке кагышкан эле. 27-августта орус прокурорлору Навальный туш болгон окуяда кылмыштын белгилери жок экенин маалымдашкан.

Тэги: Берлин

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>