Site icon Reporter.kg

«Беш айда 100 миң сом чыгат!». Депутат газдын баасын түшүрүүнү талап кылды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов газдын баасын түшүрүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-январда парламенттин жыйынында айтты.

Анын айтымында, Бишкектин тегерек-четинде 50гө жакын конуш бар. Алардын ичинен көмүр жаккандарынын 99%ы Кара-Кеченикин жагат. Андан тышкары мончолор тигүүчү ишканалардын чыккан калдыктарды жагууда.

Эл үйүнө газ тартып кирүүсү үчүн 1 млрд сом 8% менен берилгени менен жарандар анын 32 млн сомун гана алып, колдонгон. Ал эл үйүнө газ киргизбей жатканынын себебин көгүлтүр оттун баасынын кымбаттыгынан көрөт.

«Демек калган элдин каалоосу жок. Газдын баасы кымбат. Бир айда 15-20 миң сомго чейин чыгат. Беш айга көбөйтсөң 100 миң сом болот. Эртең Бишкек шаарын 100% газдаштырсаңыз дагы эл жакпайт. Кайсы акчасына жагат», — деди ал.

Ал «Кыргызгаздын» («Газпром Кыргызстан» деп айтайын деген окшойт — ред.) өкүлдөрүнө кайрылып, газдын баасын түшүрүүнө талап кылды.

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров өлкөнүн өзүндө газ өндүрүлбөгөндөн кийин ал сырттан алынарын, газ импорттогон өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда баа эң арзаны экенин билдирди. Ал ЕАЭБге кирген Армения да газды сырттан аларын, баасы Кыргызстанга салыштырмалуу эки эсе көп экенин айтты.

«Биз эң арзан тарифтерди коюп жатабыз. 2024-жылдан бери «Газпром Кыргызстандын» тарифтери өзүнүн чыгымдарын былтырдан тарта жаба баштады», — деди Алдаяров. 

Exit mobile version