Беш күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы Акпаралы Акматалиев табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Акпаралы Акматалиев 30-октябрда Чүй жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Аны издешүүгө көмөк сурап милицияга уулу кайрылган.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Акпаралы Акматалиев кечээ, 5-ноябрда саат 17:00дөр чамасында табылган. Ал милиция кызматкерлерине адашып кетип, үйүнүн дарегин таба албай жүрө бергенин айткан.