Site icon Reporter.kg

Беш миң кыргызстандык Швеция, Франция, Литвада ишке орношо алат

EU Flag and the 27 European Union country flags in the Jardin du Luxembourg (Paris). Please see related pictures:

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору Европа союзунун өлкөлөрүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча «Евро-Виз» ЖАК (Литва) менен макулдашууга кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, макулдашуунун максаты Швециянын, Франциянын жана Литва Республикасынын ишканаларында жумуш издеген жарандарга сапаттуу жана ишенимдүү иш менен камсыз кылуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө курулуш адистиктерине, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына арыз берилди.

Министрлик президент С.Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат, ошондуктан жыл башынан бери Калкты ишке орноштуруу борбору тарабынан 20дан ашык келишимдерге кол коюлган. Чет өлкөлөрдө 5 миңден ашык адам жумуш менен камсыз болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version