Site icon Reporter.kg

«Беш-Сары» базарынын жетекчиси Наргиза Жолдошбаева кармалды

УКМК «Беш-Сары» ЖЧКсынын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Наргиза Жолдошбаеваны кармады.

Коопсуздук кызматынын маалыматында, ал ири өлчөмдөгү салык төлөөгө шектелүүдө.

Андан тышкары, «Беш-Сары» базарында 2023-жылдын ноябрь айында төмөндөтүлгөн ижара акыны кайра көтөрмөкчү болушкан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Exit mobile version