Site icon Reporter.kg

Бишкек: Тарых музейдин ачылаары айтылды

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейин үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында ачуу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.

Анын айтымында, учурда тарых музейи боюнча Германиянын компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

“Мамлекеттик тарых музейин ачуу бир тараптуу чечилбейт. Өзүңүздөр жакшы билесиңер, Германиядан IT технология, экспозиция жана текст боюнча адистер атайын чакруу менен келген. Алар тарабынан иштер жүргүзүлгөндүктөн иш бергеликте жүргүзүлөт. Биз ноябрь айына музейди ачууну пландап жатабыз. Ал эми музейдин ичиндеги экспонаттар боюнча иш аягына чыга элек”, — дейт ал.

2016-жылдын 25-марттында Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жүрүп, андагы экспонаттарга кеткен каражаттын айынан кылмыш иши козголгон.  Оңдоо иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд. сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координациялоо (ТИКА) агенттиги тарабынан 15 млн. доллар каржыланган, ал имараттын тышын жасалгалоого багытталган.

Exit mobile version