Бетме-бет сүзүшкөн! Чүйдө эки унаанын кагылышуусунан 1 адам каза болуп 4 адам ооруканага түштү- видео

Бетме-бет сүзүшкөн! Чүйдө эки унаанын кагылышуусунан 1 адам каза болуп 4 адам ооруканага түштү- видео

Чүйдө жол кырсыгынан 1 адам каза болуп 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кайгуул кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек- Торугарт автоунаа жолунда бүгүн, 6-июлда саат 6:30дар чамасында болгон. Анда «Жигули» үлгүсүндөгү унаа жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кетип, жүргүнчүлөрү менен келе жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
«Жигулинин» айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп, экинчи унаанын 4 жүргүнчүсү жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>